«Чыңгыз Айтматов-аалам адамы»
6- декабрь Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата «Чыңгыз Айтматов — аалам адамы » аттуу иш- чара болду. Иш- чарага кадырлуу коноктор : жазуучунун карындашы- Айтматова Роза Төрөкуловна,кыргыз элинин сүйүктүү актрисасы — Касымалиева Шайыр Залкаровна, Свердлов районунун билим берүү борборунун мамлекеттик тил боюнча адиси — Абылкасымова Элмира Токоновна,эмгек сиңирген коомдук ишмер — Менсеитова Калбүбү Саманкановна катышышты. Мектепте жазуучунун чыгармаларына арналган көргөзмө уюштурулду. Окуучулар кыргыз , орус тилинде чыгармалардан үзүндү даярдап аткарышты. Ч. Айтматовго арналган ыр саптарды көркөм окушту. Окуучуларга Роза Төрөкуловна бала чагы, Чыңгыз Төрөкуловичтин мектепке кантип киргени, ата-энеси жөнүндө маек куруп берди. Ошондой эле келген коноктор да Ч. Айтматов менен жолукканын,чыгармалары боюнча өз ойлорун ортого салышты.
Комментарии