Улуу жеңишке 74 жыл!
8-май 2019-жыл Бишкек шаарынындагы №35 орто мектепте Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 74-жылдыгына арналган иш-чара болуп өттү. Мектеп уюштурган иш-чарага эмгекчи Валентина Андреевна катышты.Валентина Андреевна ооруктагы эмгекчилердин фашисттик Германияны жеңүүгө кошкон салымдары жөнүндө айтып берди. Согуш башталган кезде Валентина Андреевна 14 жашта эле болгонун жана жаштыгына карабастан ошол курактагы өспүрүмдөр кол каптарды токуп,тигип фронтко жиберишкен. Жеңиштен кийин, Валентина айым башталгыч класстын мугалими болуп 50 жыл эмгектенген. Азыркы учурда ардактуу эс алууда. Мектеп жамааты, окуучулар жана ата-энелердин коомдук бирикмеси Валентина Андреевнага белек ыйгарышты.
Иш-чара бүткөндөн кийин мугалимдер, окуучулар жана ата-энелер оорук эмгекчилерине жана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине белек тапшырды.
Комментарии