ЖОББМ №35 Жалпы орто билим беруучу мектеп №35

Мектепке кабыл алуу жөнүндө

Урматтуу келечектеги биринчи класстардын ата-энелери (мыйзамдуу ѳкүлдѳрү)!
№35 ОМ 1-класска кабыл алуу 2019-жылдын  май айында башталат.

Ата-энелерге 2019-жылы мектепке кабыл алуу тартиби жѳнүндѳ

2019-жылдын май айында мектепке бекитилген террияторияда жашаган балдарды кабыл алуу башталат.

1-класска кабыл алуу үч процедураны камтыйт:

  • балдардын ата-энелеринин (мыйзамдуу ѳкүлдѳрүнүн) арыз тапшыруусу;
  • билим берүү мекемесине документтерди тапшыруу
  • баланын 1-класска кабыл алынгандыгы жѳнүндѳ буйрук

Мектепке кабыл алуу ата-энелердин (мыйзамдууу ѳкүлдѳрдүн) арызы боюнча

  • баланын туулгандыгы тууралуу күбѳлүктүн
  • мектепке бекитилген  территорияда катталгандыгын билдирткен маалыматы же жашы жете элек баланын жана анын мыйзамдуу ѳкүлүнүн турак-жайды колдонуу укугун тастыктоочу документтери менен чогуу ата-эненин (мыйзамдуу ѳкүлдѳрүнүн) бирѳѳсүнүн паспортунун

оригиналын, кѳчүрмѳсүн кѳрсѳтүүсүнѳн кийин  жүргүзүлѳт.

Арыздарды жана документтерди кабыл алуу   түздѳн түз №35 ОМ  жүргүзүлѳт.

№35 ОМ бекитилген террияторияда жашабаган балдар үчүн 1-класска кабыл алуу бош орун болгондо гана жүргүзүлѳт.

1-класска кабыл алуу үчүн керектүү документтердин тизмеси:

  1. баланын туулгандыгы тууралуу күбѳлүктүн оригиналы жана кѳчүрмѳсү;
  2. баланын жашаган жеринде катталгандыгы жѳнүндѳ маалым кат;
  3. ата-эненин (мыйзамдуу ѳкүлдѳрүнүн) паспортунун оригиналы жана кѳчүрмѳсү;
  4. мектепке кабыл алуу жѳнүндѳ ата-эненин (мыйзамдуу ѳкүлдѳрүнүн) арызы;
  5. Баланын медициналык картасы —№ 026 формасы;
  6. Баланын эмдѳѳ картасы —№ 063 формасы;
  7. 3х4 ѳлчѳмүндѳгү баланын сүрѳтү – 2 даана;
  8. Окуучунун ѳздүк делосу (А5 форматы)