Англис тил жумалыгы
N35 ЖОББ мектебинде 2024-жылдын 12-февралынан 19-февралына чейин “Англис тили” жумалыгы окуучулардын англис тилине болгон кызыгууларын арттыруу максатында өткөрүлдү. Мында окуучулардынк көпчүлүк бөлүгү активдүү ишмердиктеринен далилдеп жатышты. Берген тапшырмаларды жоопкерчилик менен өз убагында, сапаттуу жана чыгармачылык мамиледе аткарышып, тапшырып турушту. Жабылышында мектептин директору Руслан Сыдыкович Сабыров биринчиден окуучуларга каалоо-тилектерин айтып, экинчиден, англис тилин жакшылап үйрөнүп алууга жана келечекте “Ким канча тил билсе, ал ошончо ийгиликтерге жетишет” деген эң жакшы кеңештерин айтып, андан соң активдүү катышкан класстарга грамота-белектерин тапшырды.
Комментарии