Бишкек шаарын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча жарыяланган эки айлыктын алкагында борбор калаанын Свердлов районунда жайгашкан №35 жалпы орто билим берүү мектебинде жашылдандыруу, микроклиматты сактоо максатында 30 түп ак кайын жана 50 түп гибискус(бадал) дарагы отургузулду.

Кыргыз инвестициялык-кредит банкынын «Жашылдандыруу фонду» жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду жыл сайын жазында уюштуруп келген жашылдандыруу максатында мектептерде жана бала бакчаларда бак отургузуп келишет.
Бул өнөктүктүктүн алкагында Кыргыз инвестициялык-кредит банкынын «Жашылдандыруу фонду» жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду менен биргеликте №35 жалпы орто билим берүү мектебинде Бишкек шаарынын Свердлов райондук Билим берүү башкармалыгынын башчысы Н.О.Байгулов, мектеп директору Р.С.Сабыров жана мектеп мугалимдери менен окуучулар бак отургузушту.
Бул акциянын негизинде №35ЖОББМ «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду өнөктөштөр менен бак-дарак гана тикпестен ошондой эле балдарды мекенди сүйүү, экологияны коргоо жаратылышка аяр мамиле кылууга жана Бишкек шаарын келечек муундарга сактоого арналган иш чара болду.
Комментарии