«Ата Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине экскурсия
9а жана 9б класстарынын окуучулары Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшүнө 100-жылдыгына жана 7-Апрель Элдик баатырларды эскерүү күнүнө карата «Ата Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине экскурсияга барып келишти . Окуучуларды мектеп директору ,тарых мугалимдери жана класс жетекчилери жетектеп барышты.
7-Апрель окуясында курман болгон баатырлардын, Кыргыз мамлекетинин түзүлүшүнө эбегейсиз зор салымын кошкон 138 кыргыз каймактарынын, ошондой эле кыргыздын атын дүйнөгө тааныткан Чыңгыз Айтматовдун баш болгон тарыхый инсандардын арбактарына багыштап куран окулду.
Окуучулар музейлерди аралап, кызыгуу менен маалыматтарды алып келишти. Экскурсия өз максатына жетти.
Элдик баатырлардын эрдиктери менен окуучулар таанышып келишти.
Комментарии