GOOGLE Мектеп долбоору жыйынтыкталды
2024-жылдын билим берүү министри жана GOOGLE компаниясынын демилгеси менен GOOGLE Мектеп пилоттук доолбор иштеп баштаган. Пилоттук мектеп катары биздин мектеп тандалып алынган.GOOGLE MUGALIM edu,Таалим форум жана Центерм уюмунун колдоосу менен ишке ашырылган GOOGLE мектеп доолбору камсызданган билим берүүнүн заманбап ыкмаларын окуучулар дилгирлик менен кабыл алышты. Доолбордун алкагында мектепке CENTERM жана Бишкек ЭВМзаводу ЖКЧ компаниясынан 100 CHROMEBOOK билим берүү министрлигинен 168 НОУТБУК мындан сырткары GOOGLE компаниясы 330 CEU лицензиясы сатылып алынган.
Доолборду жыйынтыктоо боюнча иш-чара болуп өттү.Иш -чарага министирлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов баш болгон агартуу тармагынын GOOGLE жана башка өнөктөш уюмдарынын өкүлдөрү мектеп жааматы катышып GOOGLE мектеп боюнча аткарылган иштердин натыйжасы менен таанышты. GOOGLE Мектеп долбоорунун жыйынтыгы эң жакшы натыйжа менен аяктады деп табылып,жаңы ыкманы мыкты өздөштүргөн 12мугалимге жана 2окуучуга “Google for Education Certified Educator Level 1“ сертификатты тапшырылды
Комментарии