23-февраль – Ата мекенди коргоо күнү
2003-жылдын 20-январында N17-токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн “23-февраль — Ата Мекенди коргоо күнү болуп аныкталсын” деп жарыяланган. Ошондон бери Кыргызстанда бул күн элдик майрам катары Ата Мекенди коргоочулардын күнү деп белгиленип келет.
1918-жылы дал ушул күнү Кызыл Гвардия отряды Германиянын аскерлерин Псков жана Нарва аймагынан алгачкы жолу жеңип алган. Булалгачкыжеңиш “Кызыл Армиянын туулган күнү” депаталып калган.
1922-жылы бул күн расмий түрдө Кызыл Армиянын күнү деп жарыяланган. Кийин СССР маалында бүткүл элдик майрам 23-февраль – Советтик Армиянын жана аскер деңиз флотунун күнү деп, жыл сайын белгилене баштаган.
Комментарии