23-апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп күнү
23-апрель – Бүткүл дүйнөлүк китеп күнү. Ага ылайык, «Китеп ааламга жанган өчпөс чырак» аттуу иш-чара болуп өттү.
Маданий иш-чарага окуучулар жана ата-энелер катышып, билим, илим, руханий байлыктарды китеп аркылуу гана өнүктүрүүгө мүмкүн экенин билдирди.
Иш-чаранын чыгармалары окулуп, китептердин көргөзмөсү өттү.
Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү 1995-жылы китептерге, авторлорго, иллюстраторлорго жана окурмандарга урмат көрсөтүү катары негизделген.
Комментарии