Урматтуу келечектеги биринчи класстардын ата-энелери (мыйзамдуу ѳкүлдѳрү)!
№35 ОМ 1-класска кабыл алуу 2019-жылдын май айында башталат.
Ата-энелерге 2019-жылы мектепке кабыл алуу тартиби жѳнүндѳ
2019-жылдын май айында мектепке бекитилген террияторияда жашаган балдарды кабыл алуу башталат.
1-класска кабыл алуу үч процедураны камтыйт:
- балдардын ата-энелеринин (мыйзамдуу ѳкүлдѳрүнүн) арыз тапшыруусу;
- билим берүү мекемесине документтерди тапшыруу
- баланын 1-класска кабыл алынгандыгы жѳнүндѳ буйрук
Мектепке кабыл алуу ата-энелердин (мыйзамдууу ѳкүлдѳрдүн) арызы боюнча
- баланын туулгандыгы тууралуу күбѳлүктүн
- мектепке бекитилген территорияда катталгандыгын билдирткен маалыматы же жашы жете элек баланын жана анын мыйзамдуу ѳкүлүнүн турак-жайды колдонуу укугун тастыктоочу документтери менен чогуу ата-эненин (мыйзамдуу ѳкүлдѳрүнүн) бирѳѳсүнүн паспортунун
оригиналын, кѳчүрмѳсүн кѳрсѳтүүсүнѳн кийин жүргүзүлѳт.
Арыздарды жана документтерди кабыл алуу түздѳн түз №35 ОМ жүргүзүлѳт.
№35 ОМ бекитилген террияторияда жашабаган балдар үчүн 1-класска кабыл алуу бош орун болгондо гана жүргүзүлѳт.
1-класска кабыл алуу үчүн керектүү документтердин тизмеси:
- баланын туулгандыгы тууралуу күбѳлүктүн оригиналы жана кѳчүрмѳсү;
- баланын жашаган жеринде катталгандыгы жѳнүндѳ маалым кат;
- ата-эненин (мыйзамдуу ѳкүлдѳрүнүн) паспортунун оригиналы жана кѳчүрмѳсү;
- мектепке кабыл алуу жѳнүндѳ ата-эненин (мыйзамдуу ѳкүлдѳрүнүн) арызы;
- Баланын медициналык картасы —№ 026 формасы;
- Баланын эмдѳѳ картасы —№ 063 формасы;
- 3х4 ѳлчѳмүндѳгү баланын сүрѳтү – 2 даана;
- Окуучунун ѳздүк делосу (А5 форматы)